Кыргызстанда 8,9,10-декабрда аба ырайы кескин сууктайт

Кыргызстанда 8,9,10-декабрда аба ырайы кескин сууктайт

Кыргызгидромет өлкө аймагында 8, 9 жана 10-декабрь күндөрү аба ырайы кескин түрдө начарлай турганын эскертти. Маалыматка ылайык, бул күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде кар коп жаашы мүмкүн. Кээ бир аймактарда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15–20 метрге, Ысык-Көлдүн акваториясында 19–24 метрге чейин жетет. Жолдордо тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар көчкү жана борошо жаралышы мүмкүн.

Аба температурасы кескин төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −12…−17°, күндүз −4…−9° суук;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн −12…−17°, күндүз −4…−9° суук;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн −4…−9°, күндүз −4…+1°;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −12…−17°, күндүз −5…−10°;
  • Нарын облусунда (айдоо зонасында) түнкүсүн −18…−23°, күндүз −6…−11°;
  • Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн −14…−19°, күндүз −5…−10°;
  • Тоолуу райондордо түнкүсүн −17…−22°, күндүз −7…−12°;
  • Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн −28…−33°, күндүз −10…−15°.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен