Ысык-Көлдүн элине акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү
Ысык-Көл облусунун калкына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, көчмө кабылдамалар Каракол, Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда уюштурулуп, 110 жаранга юридикалык консультациялар берилген.
Министрлик кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер талаштарына, мурасты тариздөөгө, алимент өндүрүүгө, адвокаттардын кызматтарына жана соттук-эксперттик кызматтын ишине байланыштуу болгонун кошумчалады.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу