Токтогулда 100 баш уйга ылайыкташкан ферма курулууда

Токтогулда 100 баш уйга ылайыкташкан ферма курулууда

Токтогул районунун Комсомол айылында жеке ишкер Дайырбек уулу Улукбек тарабынан мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган ири долбоор ишке ашырылууда.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, учурда 100 баш саан уйга эсептелген заманбап ферманын курулушу 80 пайызга аяктады.

Ишкер жаз айларында Чехиядан сүт багытындагы асыл тукум уйларды алып келүүнү пландоодо.

Анын айтымында, ар бир уйдан күнүнө орточо 20 литрден кем эмес сүт алуу күтүлүүдө.

Натыйжада ферма толук кубаттуулукта иштегенде күнүнө кеминде 2 миң литр сүт өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал фермасын толугу менен ишке киргизгенден кийин, сүттү кайра иштетүүчү цех курууну көздөөдө.

Аны ишке ашырууга кошумча каржылоо тартуу максатында "АБанк" аркылуу насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Долбоор толук ишке ашса, күнүнө кеминде 2 миң литр сүт өндүрүлүп, кайра иштетүү аркылуу кошумча нарк жаратууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү рынокту сапаттуу сүт азыктары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өкмөт башчы жарандардын маселелерин укту

Ысык-Көлдүн элине акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Өлкөдө орточо маяна 55,5 миң сомду түздү

Өлкөдө дан эгиндери быйыл 27 пайызга көп жыйналды

Инвестициянын көлөмү өстү