Өкмөт башчы жарандардын маселелерин укту

Өкмөт башчы жарандардын  маселелерин укту

15-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө жарандарын жеке кабыл алып, алардын маселелерин укту. 

МинКаб тараткан маалыматка караганда, анда жарандар өздөрүнүн жеке маселелерин жана коомчулук тарабынан көтөрүлгөн бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Тактап айтканда, курулуш жана кайра ииштетүү өнөр жай тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Жер кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан маселелер, маданият тармагын, такси жана жеткирүү кызматтарын жакшыртуу, ошондой эле финансылык оор абалга байланыштуу материалдык көмөк көрсөтүү жана турак-жай маселелерин чечүү мүмкүндүгү боюнча сунуштар айтылды.

Касымалиев өкмөттүн негизги ишинин максаты жарандардын жашоо-шарттын жана бакубаттуулугун жакшыртуу экенин айтып, буга байланыштуу мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун иш алып баруусу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынганын билдирди.

Адылбек Касымалиев бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынаарын жана Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдүн элине акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Өлкөдө орточо маяна 55,5 миң сомду түздү

Өлкөдө дан эгиндери быйыл 27 пайызга көп жыйналды

Инвестициянын көлөмү өстү

Өлкөдө курулуш көлөмү 1,6 эсеге көбөйүп, керектөө баалары 8,8 пайызга өстү