Аламүдүн, Ала-Арча суу нугунан 107 миң тонна таштанды алынды

Аламүдүн, Ала-Арча суу нугунан 107 миң тонна таштанды алынды

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, шаардагы дарыялар менен каналдарды тазалоо жана иретке келтирүү боюнча комплекстүү иштердин алкагында Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугу тазаланып, 107 миң тонна таштанды чыгарылды.

Ошондой эле дарыялардын эркин агышын камсыздоо, суу каптоонун алдын алуу жана коопсуз, экологиялык жактан таза шаардык чөйрө түзүү максатында, дарыялар менен каналдардын боюна мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 300гө жакын объект бузулуп, бул багыттагы иш уланып жатат.

Маалымдалгандай, көрктөндүрүү иштеринин алкагында биринчи ишке ашкан долбоор — "Алга" спорт комплексинин алдында, Абдрахманов жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы участокто курулган променад болду.

Мындан сырткары, ЖЭБдин техникалык каналынын жанында да көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында дарыялар жана каналдардын жээгин көрктөндүрүүгө байланыштуу эскиздик долбоорлор даярдалып, учурда долбоордук-сметалык документация иштелип жатат. Ал бүткөндөн кийин пландалган бардык участоктордо көрктөндүрүү иштери башталат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө