Өлкөдө дан эгиндери быйыл 27 пайызга көп жыйналды

Өлкөдө дан эгиндери быйыл   27 пайызга көп жыйналды

23-октябрга карата өлкөдө дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч) 614,6 миң гектар аянттан жыйналып алынды. Бул тууралуу Сатистика комитетинин маалыматында көрсөтүлөт.

Белгиленгендей, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 2,0 пайызга көп.  

Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 2,3 млн тонна дан жыйналды. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 27,8 пайызга көбөйгөн.

23-октябрга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы    

Ушул жылдын вегетация мезгилиндеги ыңгайлуу аба ырайы шарттары арпанын  (45,3 пайызга), буудайдын (44,9 пайызга), дан жүгөрүнүн (6,5 пайызга), дан буурчак өсүмдүктөрүнүн (4,3 пайызга), күрүчтүн (2,4 пайызга), май өсүмдүктөрүнүн (8,2 пайызга), кант кызылчасынын (7,5 пайызга), картошканын (4,5 пайызга), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (2,9 пайызга) жана бакча өсүмдүктөрүнүн (2,1 пайызга) дүң жыйымынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

2026-жылдын түшүмү үчүн пахтанын жана жашылча өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын кыскаргандыгын эске алуу менен, өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу пахтанын (30,1 пайызга) жана жашылча өсүмдүктөрүнүн (5,5 пайызга) дүң жыйымынын азайгандыгы белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө орточо маяна 55,5 миң сомду түздү

Инвестициянын көлөмү өстү

Өлкөдө курулуш көлөмү 1,6 эсеге көбөйүп, керектөө баалары 8,8 пайызга өстү

Бир жумада 27 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү