Инвестициянын көлөмү өстү
10 айда негизги каптиталга болгон инвестициянын көлөмү 422,9 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,6 эссеге өскөн.
"Өткөн жылдын ушул мезгилине караганда, негизги капиталга болгон инвестициянын ички каржылык булактарындагы өсүшү 1,6 эсеге, тышкы булактарда 1,8 эссеге көбөйдү", - деди улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов бүгүнкү маалымат жыйынында.
Ал белгилегендей, аталган сумманын 80%ы транспорт ишмердигине, электр энергия тармагына, көгүлтүр от жаатына, пайдалуу кендерди казууга, билим берүү объектилеринин курулушуна жана турак-жайлардын салынышына жумшалган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу