Өлкөдө курулуш көлөмү 1,6 эсеге көбөйүп, керектөө баалары 8,8 пайызга өстү
2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда курулуш тармагындагы көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл чарбасында 4,7 %дык, дүң жана чекене соодада 4,3 %дык өсүш катталды. Ошол эле учурда отчеттук мезгилде республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы өсүшү 8,8 %ды түздү.
Анын ичинде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 7,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 8 %га, азык-түлүк эмес товарлар 7,6 %га кымбаттады. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 12,2 %га жогорулады.
Баалардын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 17,1 %ды түздү. Облуста тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 11,4 %га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 28,4 %га, азык-түлүк эмес товарлар 13 пайызга кымбаттап, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 29,5 %га өстү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу