Сауд Аравиясында кирешеси айына 13,3 миң доллардан жогору чет өлкөлүк ичимдик сатып алса болот

Сауд Аравиясында кирешеси айына 13,3 миң доллардан жогору чет өлкөлүк ичимдик сатып алса болот

Сауд Аравиясы алкоголдук ичимдиктердин жүгүртүлүшүнө байланышкан катуу эрежелерин жумшартуу боюнча дагы бир кадам жасады. Bloomberg агенттиги маалымдагандай, өлкө бийлиги расмий айлык кирешеси айына 50 миң сауд риалынан (болжол менен 13,3 миң доллар) жогору болгон, мусулман эмес чет өлкөлүктөргө ичимдик сатып алууга уруксат берди.

Маалыматка караганда, алкоголдук продукцияга жеткиликтүүлүк киреше деңгээли тастыкталгандан кийин гана берилет. Сатып алуучулар Эр-Риядда жайгашкан жалгыз расмий алкоголь дүкөнүнө кирүү укугуна ээ болуш үчүн айлык маянасы тууралуу расмий маалымкат көрсөтүүгө тийиш.

Бул дүкөн өткөн жылы ачылып, буга чейин дипломаттарды гана тейлеп келген. Эми болсо премиум-резидент макамы бар чет өлкөлүктөр үчүн да мүмкүнчүлүк кеңейтилди.

Bloomberg булактарынын маалымдашынча, сатуу айлык квота боюнча баллдык система менен жүргүзүлөт. Андан тышкары, өлкөнүн дагы эки шаарында атайын алкоголдук продукция сатылуучу жаңы дүкөндөрдүн курулушу жүрүп жатат.

Алкоголь сатууга байланышкан чектөөлөрдүн жумшартылышы — Сауд Аравиясынын коомдук нормаларды либералдаштырууга жана эл аралык бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган кеңири реформаларынын бир бөлүгү. Мындан мурда өлкөдө аялдардын унаа айдоосуна коюлган тыюу алынып салынган, массалык көңүл ачуу иш-чаралары мыйзамдаштырылган жана туристтик тармакты өнүктүрүү иштери башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media