Казакстан Кыргызстанга мунай жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

Казакстан Кыргызстанга мунай  жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

"КазТрансОйл" акционердик коомунун маалыматына ылайык, Казакстан декабрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү көбөйтүп, ошондой эле Өзбекстанга нефть транзитин кайра жандандырат.

Маалыматка ылайык, Казакстан 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү кайра баштаган. Буга чейин мындай жеткирүүлөр акыркы жолу 2017-жылы жүргүзүлгөн.

"2025-жылдын аягына чейин “КазТрансОйл” Кыргызстанга 30 миң тоннага чейин нефть жөнөтөт. Ал эми Өзбекстанга нефть транзити ушул жылдын декабрь айына пландалып, көлөмү 35 миң тоннага чейин болот. Эки багыт боюнча нефть жеткирүүнүн жалпы көлөмү 65 миң тоннага чейин жетет, анын ичинен 55 миң тоннага чейинкиси ушул айга туура келет", — деп билдирди компания.

Нефть бардык багыттар боюнча магистралдык мунай куурларынын системасы аркылуу ташылат. Андан соң "КазТрансОйлдун" Шагыр нефть куюу пунктунда нефть темир жол цистерналарына куюлат.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө