Бишкекте дем алыш күндөрү милицияга 260тан ашуун жаран жеткирилди

Бишкекте дем алыш күндөрү милицияга 260тан ашуун жаран жеткирилди

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Бул тууралуу 16-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мезгил аралыгында ар кандай укук бузуулардын жагдайларын тактоо үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына 260тан ашуун жаран жеткирилди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан укук бузуулар боюнча 3200дөн ашуун протокол түзүлдү. Анын ичинен 107 протокол транспорт каражаттарын мас абалында башкарган айдоочуларга карата толтурулду.

Ошондой эле 590дон ашуун автоунаа жана мототранспорт каражаттары атайын айып короолорго киргизилди. Белгиленбеген жерлерде тамеки чеккендиги үчүн 14 протокол түзүлдү. Мындан тышкары, 20дан ашык кылмыштын бети ачылды.

Ар кандай укук бузууларды жасагандыгы үчүн соттун чечимдеринин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуу жайына 30дан ашуун жаран киргизилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Ош-Тазалык" ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

МИК аркылуу батир алууга катталуу канча сом турат?

МинКаб башчысы 73 тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшырды

Борбор калаада 6 миң түп дарак отургузулду

Өлкөнүн ИДӨсү 1,8 триллион сомго жетти