"Ош-Тазалык" ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды жана жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Баур жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында Жанарбек Акаев менен Йоханнес Баурдун жумушчу жолугушуусу да өттү. Анда шаардагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорунун жүрүшү, жетишилген жыйынтыктар жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен гранттык негизде алынган.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоору 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоордун алкагында "Ош-Тазалык" ишканасынын өндүрүштүк базасы модернизацияланып, атайын техникалар сатылып алынган. Ошондой эле шаар боюнча 300 контейнердик аянтча уюштурулган.
Учурда шаарда жаңы санитардык полигонду куруу жана иштеп жаткан таштанды төгүүчү жайды рекультивациялоо иштери улантылууда.


