Чаткалда алтынды мыйзамсыз казууга байланыштуу төрт адам кармалды

Чаткалда алтынды мыйзамсыз казууга байланыштуу төрт адам кармалды

ИИМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кызмат адамдарынын калкалоосу астында алтынды мыйзамсыз казып алуу жана сатуу схемасын аныктады. Бул иш боюнча район акими, милиция бөлүмүнүн башчысы жана дагы эки жаран кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, 2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып Куру-Тегерек тилкесинде лицензиясыз алтын казуу иштери жүргүзүлгөн. Бул үчүн атайын техникалар жана алтын жуучу жабдуулар колдонулган.

Мыйзамсыз казылып алынган алтындар сатылып, түшкөн каражаттардын бир бөлүгү район акими менен милиция бөлүмүнүн башчысына которулуп турганы аныкталган.

Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланып, мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте дем алыш күндөрү милицияга 260тан ашуун жаран жеткирилди

"Ош-Тазалык" ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

МИК аркылуу батир алууга катталуу канча сом турат?

МинКаб башчысы 73 тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшырды

Борбор калаада 6 миң түп дарак отургузулду