МИК аркылуу батир алууга катталуу канча сом турат?

МИК аркылуу батир алууга катталуу канча сом турат?

Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) кезекке туруу үчүн жарандардан 235 сом, ал эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн 212 сом төлөм алынат. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 235 сом кезекке турууну каалаган жаран үчүн белгиленген. Ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрү, тактап айтканда, жубайы жана 18 жашка чейинки балдары үчүн ар бирине 212 сомдон төлөнөт.

Негизги төлөмдүн 235 сомдук бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

  • 212 сом — кадастр кызматы үчүн;
  • 3 сом — паспорттук маалыматтар кызматын көрсөтүү үчүн;
  • 20 сом — мобилдик оператордун SMS-билдирүү кызматы үчүн.
Белгилей кетсек, бул төлөмдөр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын бюджетине түшпөйт. Каражаттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөн мекемелердин эсебине которулат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

МинКаб башчысы 73 тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшырды

Борбор калаада 6 миң түп дарак отургузулду

Өлкөнүн ИДӨсү 1,8 триллион сомго жетти

Кыргызстан Антальяда инвестициялык потенциалын тааныштырды

10 айда пенсияларды каржылоо 94 млрд 369 млн сомду түздү