Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо автоунааларды каттоо тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүк (техпаспорт) жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу унааларды онлайн кайра каттоо кызматы тааныштырылды.

Жаңы техпаспорт поликарбонат материалынан жасалып, эскирүүгө абдан туруктуулугу жана жасалма паспорттон күчөтүлгөн коргоосу менен айырмаланат. Документте улуттук оймо-чиймеси бар тунук коргоочу терезе, DOVID-голограмма, колго сезилерлик элементтер, микротекст жана башка заманбап коргоо каражаттары колдонулган. Жеке маалыматтар лазердик оюу түшүрүү ыкмасы менен түшүрүлөт.

Лазердик жабдуулар транспорт каражаттарын каттоо кызматтары көрсөтүлгөн мамлекеттик борбордун бардык бөлүмдөрүнө орнотулган. Бул өлкө боюнча бирдиктүү сапат стандарттарын камсыздоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу автоунааларды онлайн кайра каттоо боюнча санариптик сервис ишке киргизилди. Бул кызмат мамлекеттик маалыматтык системаларда керектүү маалыматтар бар болгон учурда, жарандарга кызматты алыстан, мекемеге барбастан алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө