Кыргызстандык спортчу жети вагонду алты метрге жылдырды

Кыргызстандык спортчу  жети вагонду алты метрге жылдырды

Экстремалдык спортчу Алексей Тепляшин Кыргызстандын жаңы рекордун жаратты. Ал Бишкек шаарындагы темир жол бекетинин аймагында жалпы салмагы 165 тонна 900 килограмм болгон жети жүк вагонун алты метр аралыкка жылдырганын спортчу өзү 24.kg басылмасынын журналистине билдирген.

Белгилей кетсек, Алексей Тепляшин күч экстрими менен төрт жылдан ашуун убакыттан бери машыгып келет. Вагон жана автобустарды тартуудан тышкары, ал мыктарды ийет, болтторду сындырат, табаларды бурайт, карта колодаларын колу менен жыртат.

"Баатыр-балбандар бул спорт багыты менен кантип машыгарын көрүп, мага да кызык болду. “Мен да кыла аламбы?” деп ойлодум. Даярдана баштадым, машыктым, жыйынтык мени канааттандырды. Ошол жетишкендик менен токтоп калбай, жаңы рекорддорго умтулууну чечтим", — деп бөлүшкөн спортчу.

Рекордго жетүү үчүн ал спорт залында, жаратылышта, үй шартында активдүү машыгат. Машыгуу үчүн спорттук тренажёрлордон тышкары, таштар, кум салынган каптар жана башка каражаттар колдонулат.

2026-жылдын жазында Алексей Тепляшин сегиз вагонду жылдырып, жаңы рекорд коюуну пландап жатат. Ошондой эле ал Борбор Азия деңгээлинде да рекорд жаңыртууну максат кылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.