Кең-Сай конушу таза суу менен камсыз болду

Кең-Сай конушу таза суу менен камсыз болду

Ош шаарынын Кең-Сай массивине ичүүчү таза суу чыгарылганы тууралуу муниципалитеттен "Кабар" агенттигине билдиришкен.

Маалыматта Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылганы айтылат. Анын алкагында насос станциялары курулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жаңы суу кампасы курулган.

Ак-Тилек айланма жолунун аймагында саатына 300 куб метр суу берүүчү заманбап 1-насос станциясы курулду. Ош-Ноокат жолунун 6-чакырымында 2-насос станциясы курулуп, ал да саатына 300 куб метр көлөмдө суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Эки насос станциясы автоматташтырылып, “акылдуу насос” системасы аркылуу иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акча каражаттарды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, бул алдамчылыктын схемасы болуп саналат. Ошондуктан мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбей,  бейтааныш адамдарга акча которуу операцияларын жүргүзбөш

БШК №13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерге  7 млн сом кайтарат

БШК №13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерге 7 млн сом кайтарат

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болгон 25 жаранга 7 млн сом шайлоо күрөөсүн кайтаруу маселеси каралды. Чечим БШКнын 13-февралдагы №13 округ боюнча 1-мартка дайындалган кайталап шайлоону жокко чыгаруу тууралуу токтомунун негизинде кабыл алынды. Кайтаруу кайталап шайлоо жокко чыгарылганына жана 30-ноябрдагы шайлоого катышкан

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, шаардык бюджеттин долбоору каралды. Сессияга мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана депутаттар катышты. Шаардын финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу 2026-жылга бюджет долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Жергиликтүү бюджеттин планы 1 млрд 587,7 млн сом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин