МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү тууралуу жаңы жобону бекитти.

Документ 2025-жылдын 8-декабрындагы №787 токтом менен кабыл алынган жана рынок катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле профессионал катышуучулардын уставдык капиталына этап-этабы менен минималдык талаптар белгиленди:

Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу:

  • 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 10 млн сом;
  • 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 15 млн сом.

Дилердик ишмердүүлүк:

  • 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 3 млн сом;
  • 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 5 млн сом.

Баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүү:

  • 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 4 млн сом;
  • 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 6 млн сом.

Инвестициялык фонддордун ишмердүүлүгү:

  • 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 2 млн сом;
  • 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 3 млн сом.

Бул токтом менен ошондой мурдагы — Өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө (2011–2014-жылдардагы редакциялары) жобо жана ага байланыштуу бир катар өзгөртүүлөр күчүн жоготкон деп таанылды. Ага 2023-жылдын 13-январындагы №9 Кабмин токтомунун пункту да кирет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда жылына 2 миң гектардан ашык аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди