Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы пайда болушу мүмкүн

Учурда прокаттык күбөлүктөрдүн дээрлик 70%ын жергиликтүү кинопродюсерлер алып жатышканын журналисттерге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Ошондой эле министр Кыргызстанда кинопавильон куруу ниети бар экенин айтып, бул демилгени өлкө жетекчилиги колдогонун белгиледи.

Маданият министрлиги Dolby Atmos үн жаздыруу студиясын түзүүнү да пландап жатат.

"Баарына белгилүү болгондой, биздин кинорежиссёрлор тасмаларды үн менен камсыздоо үчүн Москвага барышат. Бул абдан кымбат. Биринчиден, командировкалык чыгымдар, барып-келүү билеттери, жашоо. Экинчиден, үн жаздыруучу студияны ижарага алуу өтө кымбат. Эмне үчүн биз муну өзүбүздө кура албайбыз? Азыр мамлекет буга мүмкүнчүлүк бере алат", — деди Мирбек Мамбеталиев.

Ал учурда ведомство үн жаздыруучу студияны орнотуу үчүн техникалык мүнөздөмөлөрдү жана параметрлерди иштеп чыгып жатканын, 2026-жылдын аягына чейин бул студия толук ишке кирет деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

"Биз кинопавильон курууну каалап жатабыз. Мамлекеттик буйрутма болгондо, биздин “Кыргызфильм” ошол жерде тасма тартат. Ал эми буйрутма жок кезде, павильон бош турса, жеке компаниялар келип пайдалана берсин. Натыйжада “Кыргызфильм” мындан киреше табат", — деп министр өз пландары менен бөлүштү.

Dolby Atmos — Dolby Laboratories компаниясы тарабынан иштелип чыккан көлөмдүү үн технологиясы. Алгач 2012-жылы кинотеатрларда колдонулган. Бул технологиянын өзгөчөлүгү — учурдагы көлөмдүү үн системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бийиктик каналдарын кошуу аркылуу үндү үч өлчөмдүү объект катары кабылдоого шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомдук 69 объект ишке берилген: 12 мектеп, 13

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media