Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин колдонуу боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, бажы администрацияларынын ортосунда маалымат алмашуу, eTIR жол-жобосун киргизүү жана бажы жол-жоболорун санариптик трансформациялоонун алкагында электрондук маалымат алмашууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Күн тартибине бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатындагы кызматташтык, бажы лабораторияларынын өз ара аракеттенүүсү жана 2027–2031-жылдарга карата бажы кызматташтыгынын жол картасын даярдоо маселелери да каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомдук 69 объект ишке берилген: 12 мектеп, 13

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media
Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media