Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды
11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн.
Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын популяциясына зыян келтирип, экосистемага терс таасир тийгизет.
Министрлик Ысык-Көлдү коргоо жана браконьерликке каршы рейддер улантыларын кошумчалады.