Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомдук 69 объект ишке берилген: 12 мектеп, 13 бала бакча, 6 спорт зал, 25 футбол аянтчасы, 6 оюн аянтчасы жана 7 ФАП. Жыл аягына чейин дагы 6 объект бүткөрүлөт.

2021-2026-жылдары республикалык бюджеттен жолдорго 191 чакырым асфальт төшөлүп, 950 млн сом жумшалган. 11 айыл аймагына суу түтүктөрү тартылып, 550 млн сом бөлүнгөн. Зардалы айылына жарык жана интернет жеткирилип, "Сары-Талаа–Кызыл-Таш–Зардалы" 18 чакырым жолу 889,9 млн сомго курулган. Ирригацияда 73 чакырым канал курулуп, 1 млрд 203 млн сом жумшалган.

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев 2021-2026-жылдары шаарда 148 ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлгөнүн билдирди. Шаарда жалпы 2 млрд 57 млн сомдук 16 объект курулган, анын ичинде 3 мектеп, 10 админ имарат, чакан ГЭС жана асфальт заводу бар. Учурда 170 млн сомдук 6 оюн аянтчасы, суу түтүгү, автобус паркы жана башка иштер жүрүүдө.

Президент Баткендин актуалдуу маселелерин ырааттуу чечүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media