Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды
Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты.
Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Борбор мамлекеттик ишканаларга жылдык 4%, жеке ишканаларга 8% үстөк менен унааларды сунуштайт.
Мэриядан белгилешкендей, мындай долбоорлор шаарга инвестиция тартууга, ишкердикти өнүктүрүүгө жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө болот.