Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды
Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес.
"Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал базар ээлейт, ал эми калган 5 гектар жерде келечекте жарандарды тейлөөдөгү тамактануучу жайлар жана дүкөндөр болмокчу. Азыр базарда 100дүн тегерегинде ашкана, дүкөндөр иштеп жатат. Аларга сынактын негизинде аукцион менен жерлер берилип, өздөрүнүн контейнерлерин орнотуп иштешет. Азырынча убактылуу коюлган күркөлөрдө соода жүргүзүлүүдө",- деди Дубанаев.
Айыл аймак башчысы кой-эчкинин башына 30 сом, бодо малга 50 сом төлөө сунушталып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле бул аптадагы мал базарга бир эле Чүйдөн эмес, Нарын, Ысык-Көл облустарынан, ал гана эмес алыскы Лейлектен бери жарандар келишип, соода-сатык кылып жатышканын кошумчалады.