Быйыл Бишкекте 50 миң дарак отургузулат

Быйыл Бишкекте 50 миң дарак отургузулат

2026-жылы Бишкекте 50 миңден ашык дарак отургузууну пландалып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаадагы түтүн көйгөйүн талкуулоодо мэр Айбек Джунушалиев билдирди.

"Шаардын башкы планы түзүлүп жатканда Бишкек жашыл жана коопсуз болушу керектигин эске алдык. Эгер стандарт боюнча бир адамга 16 чарчы метр жашыл зона туура келсе, учурда бул көрсөткүч болгону 4 чарчы метр гана болуп калыптыр. Ошондуктан борбор калаадагы жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", — деди Айбек Джунушалиев.

Мэр ошондой эле, 2025-жылы пландалган дарак отургузуу көрсөткүчү 12,5 миң болчу деп кошумчалады.

"Бирок биз муну ашырып, 18 миң дарак отургуздук. Албетте, алардын сугарылышын да эске алабыз. 2026-жылы 50 миң дарак отургузууну пландап жатабыз. Эгер мурда чет өлкөдөн келген дарактарды дароо шаарга отургузуп, айрымдары кургап калса, азыр биз тактиканы өзгөрттүк: алгач питомниктерге отургузуп, жакшы өскөндөрүн гана көчүрүп отургузабыз. Өткөн жылы Кытайдан 1,5 миң көчөт алып келгенбиз, бирок алар жакшы өспөй калган", — деди мэр.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын сунушу менен шаарда отургузууга ылайыктуу 9 түрдүү дарак аныкталган. Алардын ичинен 7 түрүн отургузууну баштадык, айрыкча бул жалбырактуу дарактар, алар көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берет", — деп кошумчалады Айбек Джунушалиев.

Мэр шаардагы сугаруу системасын өркүндөтүү боюнча да иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media