Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды
КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.
Ошондой эле кадрдык потенциалды өнүктүрүү, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча сунуштар талкууланды.
Ошондой эле студенттерди практикалык даярдоого, насаатчылыкка жана жаштардын кесиптик өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында жаш адистер менен тармак жетекчилеринин ортосундагы диалогду улантуу максатында иш-чараны жыл сайын өткөрүп туруу сунушталды.
Ага "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачёв, Өзбекстандын Президентинин отун-энергетика комплекси боюнча кеңешчиси Бехзот Рахматуллаевич Нарматов, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү да катышты.