Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө
Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда.
"Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.
Мындан тышкары, жумушчу дөңгөлөк текшерилип, лабиринттик тыгыздоочтун жана багыттоочу аппараттын жылчыктарынын өлчөмдөрү аныкталууда.