Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт
29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда.
Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык, өнөр жай объектилери кирет.
"Бишкексууканал" ишканасы тургундардан сууну алдын ала камдап алууну суранат.
