Парламентте сүткө туруктуу баа коюу маселеси көтөрүлдү

Парламентте сүткө туруктуу баа коюу маселеси көтөрүлдү

Сүт өндүрүүчү Айгүл Нурумбетова Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында кайра иштетүүчү ишканалар сүттү бирдиктүү баа менен кабыл алышын камсыздоону суранды.

Сүттүн баасын жөнгө салуу маселеси талкууланган учурда, баа өндүрүүчүлөр жана тиешелүү мамлекеттик органдар кирген комиссия тарабынан продукциянын майлуулугу эске алынып белгиленери айтылды. Ар кайсы райондордо жана аймактарда сатып алуу баасы ар башка болуп, 28 сомдон 42 сомго чейин өзгөрүшү мүмкүн.

"Сүттүн баасы кескин түшүп кетти. Айрым үй-бүлөлөр балдарына бир кашык да сүт калтырбай, баарын өткөрүп жатышат, анткени азык-түлүк сатып алуу, бала бакчага төлөө жана башка чыгымдар бар. Биз заводдордон жайкы жана кышкы баа деп бөлбөстөн, 40–45 сом өлчөмүндө бир туруктуу баа коюуну суранабыз. Тоют да кымбаттап жатат, ал эми сүттүн баасы төмөндөөдө", — деди ал.

Ошондой эле ал сүттүн баасы мындан ары да төмөндөй берсе, жарандар президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылууга аргасыз болорун билдирди.

Ал эми "Талас Даамы" ЖЧКсынын жетекчиси Бактыбек Тууганбаев тармактагы дагы бир көйгөйгө токтолду. Анын айтымында, Талас облусунда бир уй күнүнө орто эсеп менен 8 литр сүт берсе, Россияда — 15 литр, Беларуссияда — 20 литрге чейин жетет.

"Бизде өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу керек. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги муну кандай жол менен ишке ашырууга болорун карап чыгышы зарыл. Уйлардын породасын жаңылап, көбүрөөк сүт бере турган породаларды алып келүү керек", — деп эсептейт ишкер.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media