Жүк ташуучу айдоочулардан 15 жыл бою акча "саап" турган кылмышкерлер кармалды

Жүк ташуучу айдоочулардан 15 жыл бою акча "саап" турган кылмышкерлер кармалды

Бишкекте Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМКдан билдиришти.

Алар "спортобщак" деп аталган топтун өкүлдөрү Д.Ж. жана Р.у.А. аттуу жарандар болгон. Алар 15 жыл бою коркутуу жолу менен "Дордой" соода комплексинен жүк ташыган айдоочулардан жана ар бир жүктөн акча алып турушкан.
Ошондой эле Д.Ж. укук коргоо органдарындагы тааныштарын пайдаланып, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы аныкталган. Мындан тышкары, анын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар адамдар менен, анын ичинде Камчы Асанбек жана Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы тастыкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган Д.Ж. жана Р.у.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды