Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды
Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган.