Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады.
Билдирүүгө караганда, “Социалдык контракт” программасынын алкагында колдоо алган айрым үй-бүлөлөр өз алдынча ишкердик ачып, жеке ишин баштоого жетишип, каржылык көз карандысыздыкка жетүү жана бакубаттуулугун жогорулатуу багытында алгачкы кадамдарын жасашты.
А. Имангазиев КРна кайтып келген үй-бүлөлөрдүн коомго ийгиликтүү ыңгайлашуусуна, социалдык интеграциясына көмөктөшүү жана алардын мындан аркы жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.
Иш сапардын жыйынтыгында министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык органдарга көтөрүлгөн маселелерди өз компетенцияларынын чегинде карап чыгып, үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.