ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти.
Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эркин экономикалык аймактарда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ЭЭАнын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер жана ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар каралды.
Аймактардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу жана жаңы өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.