Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен. 

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип, натыйжада баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 36,9 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап шарттар түзүлдү. Ачылыш аземине катышкан облус башчысы Тилек Текебаев

Салык кызматынын өкүлдөрү бизнес-жолугушууга катышты

Салык кызматынын өкүлдөрү бизнес-жолугушууга катышты

Салык кызматынын өкүлдөрү Америкалык соода палатасы уюштурган бизнес-жолугушууга катышып, чогулгандарга салык мыйзамдары боюнча маалымат беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салык мыйзамдарындагы акыркы негизги өзгөрүүлөр тууралуу жалпы маалыматты берилип, аларды колдонуудагы практикалык жагдайларды түшүндүрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ысык-Көлдө 6 миң метрден ашык мыйзамсыз тор алынды

Ысык-Көлдө 6 миң метрден ашык мыйзамсыз тор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы браконьерликке каршы рейддерди улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 2026-жылдын алгачкы үч айында Ысык-Көл көлүнөн 6000 метрден ашуун эски кытай синтетикалык торлор алынды. Адистердин маалыматына ылайык, бул торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экологиясына

Баткенде бир катар айылдар таза суу менен камсыздалат

Баткенде бир катар айылдар таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине караштуу "Тунук суу" долбоорунун адистери Баткен облусунда жаңы суу системаларынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Лейлек районунун Мурас айылында курулуш иштеринин 90%ы аяктап, жакынкы убакта пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Долбоор ишке кирсе, 3 миңден