Мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатабыз?

Мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатабыз?

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда мал чарбасындагы кайра өндүрүү биотехнологияларын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасында мал чарба тармагында колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар, анын ичинде жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду трансплантациялоо технологиялары талкууланды. Катышуучулар тармакты мындан ары өнүктүрүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбаны кеңири колдонуу боюнча пикир алышты.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий кызматкерлер жана эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту, ошондой эле Дүйнөлүк банк, ARIS, KOICA, KOPIA жана AFACI уюмдары болду.

Анда жасалма уруктандыруунун учурдагы абалы, эмбрион трансплантациясынын технологиялары жана алардын Кыргызстандын шартында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири каралды. Ошондой эле мал чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча сунуштар берилди.
Иш-чара мал чарба тармагына инновациялык технологияларды киргизүүдө маанилүү аянтча болуп, адистер ортосунда тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып