Бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу сунушталды

Бийик тоолуу аймактарда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу сунушталды

«Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдагылиев, депутаттар Кубанычбек Самаков жана Гүлшаркан Култаеванын катышуусунда «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча кеңири форматтагы талкуу болуп өттү. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.

Аталган мыйзам долбоору «Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев тарабынан демилгеленип, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууну жана алардын кызматына татыктуу баа берүүнү көздөйт.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, сунушталган өзгөртүүлөр деңиз деңгээлинен 1800 метр жана андан жогору бийиктикте жайгашкан аймактарда 10 календардык жылдан ашык кызмат өтөгөн аскерлерге тиешелүү.
Мыйзам долбооруна ылайык бийик тоолуу шарттарда кызмат өтөгөн мезгил үчүн белгиленген райондук коэффициенттер пенсияны эсептөөдө сакталып калат;
Кызмат учурунда берилүүчү үстөктөр жана компенсациялык төлөмдөр кызматкер пенсияга чыккандан кийин да эске алынат; 

Талкууга Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Өзгөчө кырдаалдар, Финансы жана Эмгек министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү демилгени колдоого алышып, бийик тоолуу жерлердеги оор шарттарда мекен чегин коргогондор үчүн бул өтө маанилүү кадам экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып