Кара-Кулжада 3000 тонна силос өндүрүү пландалууда

Кара-Кулжада 3000 тонна силос өндүрүү пландалууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду. Иш-чарага райондун дыйкан-фермерлери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү адистер катышты. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинардын жүрүшүндө тиешелүү кызмат өкүлдөрү дыйкан-фермерлерге өз тармактары боюнча кеңири адистик кеңештерди берип, практикалык сунуштарын ортого салышты. Айрыкча жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары, сапаттуу силос даярдоонун технологиялары жана агротехнологияларды туура пайдалануу маселелери негизги тема катары каралды. 

Белгиленгендей, “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи өткөн жылы 300 тонна силос өндүргөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүчтү 3000 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Бул максатка жетүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, өндүрүштү кеңейтүү жана агротехникалык талаптарды так сактоо зарылдыгы баса белгиленди. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып