Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти 14 жылга кесилди

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти 14 жылга кесилди

Чүй облустук сотунун чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга кесилди. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Соттун чечимине ылайык, Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") боюнча айыптуу деп тапты. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал сот залынан камакка алынды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бегалиев былтыр 19-майда "уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга" шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат аны криминалдык топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон деп айыптаган.
Бегалиев ушул жылдын 20-февралында Талас Бегалиевди актап, абактан бошоткон. Ал бир  иш боюнча акталып, эки берене боюнча кылмыштын мөөнөтү эскиргени үчүн жаза мөөнөтү каралган эмес.

Эске салсак, Талас Бегалиев Бээжин олимпидасынд грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон Канатбек Бегалиевдин бир тууган агасы.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып