Асыл тукум малды өнүктүрүү үчүн 140 млн сомдон ашык акча бөлүнөт

Асыл тукум малды өнүктүрүү үчүн 140 млн сомдон ашык акча бөлүнөт

Жылдык 3% үстөк менен өлкөбүздө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү максатында 2026-жылдын 23-февралында кабыл алынган Министрлер Кабинетинин №105 тескемесине ылайык фермерлерге асыл тукум мал чарбасынын чарбакер субъекттерине жеңилдетилген кредиттерди берүү жана ислам принциптерине ылайык каржылоо каралган.Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка караганда, долбоор ири мүйүздүү малды сатып алуу жана кеңейтилген кайталап өндүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн асыл тукум мал чарбасынын субъекттерине жеңилдетилген кредиттик каражаттарды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо.

Долбоорду каржылоону уюштуруу үчүн «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан асыл тукум мал чарбасынын чарбакер субъекттерине жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоо үчүн 2026-жылга республикалык бюджеттен 140 млн.400 миң сом бөлүнөт.

Аталган долбоордун максаты асыл тукум мал чарбасынын субъекттерине азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.