Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду
Бишкек шаарындагы Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган адаптивдүү светофорлор орнотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жаңы система унаа агымын талдап, жол кыймылын жөнгө салуу жана тыгындарды азайтуу максатында иштейт.
Долбоордун алкагында жалпысынан 27 светофор, жол кыймылын көзөмөлдөөчү 4 камера-детектор, унааларды эсептөөчү 4 лидар жана убакытты артка саноочу 4 электрондук табло орнотулган. Ошондой эле кесилиштин төрт тарабына LED-экрандар коюлган.
Жасалма интеллект системасы унаалардын агымына жараша тилкелердин багытын жана светофорлордун иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алат. Мисалы, кайсы бир багытта унаалар көбөйүп, тыгын жаралса, система кошумча тилкени ошол багытка буруу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Маалыматтар топтолгон сайын системанын жол кыймылын талдоо жана башкаруу тактыгы жогорулайт.