Кыргызстанда 250 өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча талкуу болду

Кыргызстанда 250 өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча талкуу болду

Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп, биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды.
Ошондой эле өнөр жай, кайра иштетүү, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу менен практикалык кызматташууга өзгөчө басым жасалды.
Тараптар чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында өндүрүш ишканаларын түзүү менен “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашырууну макулдашты.

Кытай тарап Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсүнө жогору баа берип, жогоруда аталган программаны жана эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды