Мыйзамсыз сакталган алкоголдук ичимдиктер жана тамекилер табылды

Мыйзамсыз сакталган алкоголдук ичимдиктер жана тамекилер табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик продукциялардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарынан бир катар мыйзам бузууларды аныкташты. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө “Мырзабек” дүкөнүнөн 5 миң 510 куту акциздик маркасы жок тамеки продукциясын сатуу фактысы аныкталган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Манас шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө А.Каримбеков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде акциздик маркасы жок товарларды сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Жалпысынан 1 миң 400 куту тамеки, 212 бөтөлкө алкоголдук жана 100 бөтөлкө алкоголсуз продукция табылып, тартып алынды.

Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Салык кызматы эскертет, маркасы жок акциздик продукцияны 200 даанага чейин сатууда - 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат, ал эми 200дөн ашык санда сатууда - 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Салык кызматы ишкерлерди маркасы жок акциздик продукцияларды сатуудан жана сактоодон алыс болууга, ошондой эле сатып алууда алардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып