Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу 27-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Д.Кендирбаеванын айтымына карганда, 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт.

Эске салсак, Бишкекте өткөн мамлекеттик манилүү иш-чараларда мектептердеги окуу жылдырылып же онлайн түрүндө болуп келет. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-тажик парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-тажик парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Марлен Маматалиев кыргыз-тажик элдери тарыхый коңшу экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди

Министрлер Кабинетинде эл аралык санкциялар маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинде эл аралык санкциялар маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө учурдагы кырдаал, тобокелдиктер жана колдонулуп жаткан чектөөлөрдүн мүмкүн болуучу кесепеттери талкууланды. Ошондой эле аларды этап-этабы менен жеңилдетүү боюнча сунуштар каралды.

Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалар саны көп?

Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалар саны көп?

2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстан аймагында иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактар) саны 823,5 миңди түзгөнү расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,2%га көбөйгөн. Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй: * Баткен облусу — 77,3 миң (өткөн жылга салыштырмалуу 102,9%; үлүшү — 9,4%

Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Май майрамдарынын алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарга медициналык жардам алуу тартиби жана камсыздандыруу статусунун мааниси тууралуу эскертти. Фонддун маалыматына ылайык, шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Бул жардамга дары-дармектер жана медициналык буюмдар да кирет жана бейтаптын абалы турукташканга чейин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында берилет. Мындай учурларга