Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?

Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?

2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстан аймагында иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактар) саны 823,5 миңди түзгөнү расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн.

2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,2%га көбөйгөн.

Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу — 77,3 миң (өткөн жылга салыштырмалуу 102,9%; үлүшү — 9,4%)
  • Жалал-Абад облусу — 140,2 миң (100,3%; 17,0%)
  • Ысык-Көл облусу — 69,6 миң (99,6%; 8,5%)
  • Нарын облусу — 60 миң (100,6%; 7,3%)
  • Ош облусу — 192,4 миң (97,2%; 23,4%)
  • Талас облусу — 42,1 миң (102,1%; 5,1%)
  • Чүй облусу — 123,9 миң (92,3%; 15,0%)
  • Бишкек шаары — 81,6 миң (127,6%; 9,9%)
  • Ош шаары — 36,4 миң (152,6%; 4,4%)

Иштеп жаткан субъекттердин эң чоң үлүшү Ош облусуна туура келет — 23,4%, ал эми эң аз үлүш Талас облусунда — 5,1%.

Ошол эле учурда эң жогорку өсүш Бишкек шаарында (127,6%) жана Ош шаарында (152,6%) катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media
Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media