Кыргыз-тажик парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-тажик парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Марлен Маматалиев кыргыз-тажик элдери тарыхый коңшу экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты. Анын айтымында, мамлекеттик чек аралардын такталышы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түздү.

“Эми соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролун күчөтүп, жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маанилүү”, – деди төрага.

Ошондой эле ал парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттер жана депутаттык достук топтор аркылуу да өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, КМШ ПАА жана ЖККУ ПА сыяктуу эл аралык аянтчаларда активдүү иш алып баруунун маанисине токтолду.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу сунушталып, бул документ эки өлкө ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Өз кезегинде элчи Назирмад Ализода эки өлкө лидерлеринин саясий эркинин негизинде чек ара маселеси чечилип, кызматташтыктын жаңы этабы башталганын белгиледи. Ал эми мындан ары парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банкта эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тегерек стол өттү

Улуттук банктын Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда "Борбордук банктардын эл аралык резервдерди башкаруу процессиндеги фронт-офис, мидл-офис жана бэк-офис практикасы" темасында эл аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, иш-чараны Улуттук банк уюштуруп, модераторлук

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунда биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө №2 тоннелинин өтмөгү аяктады. Ал темир жол багытында өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель болду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүрүп

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын