Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Май майрамдарынын алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарга медициналык жардам алуу тартиби жана камсыздандыруу статусунун мааниси тууралуу эскертти.

Фонддун маалыматына ылайык, шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Бул жардамга дары-дармектер жана медициналык буюмдар да кирет жана бейтаптын абалы турукташканга чейин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында берилет.

Мындай учурларга төмөнкүлөр кирет:

  • өмүргө коркунуч жараткан абалдар;
  • дарылоодон натыйжа болбой жаткан учурлар;
  • бейтаптын абалынын начарлашы;
  • диагноз коюудагы кыйынчылыктар;
  • жогорку деңгээлдеги медициналык мекемеге жеткирүү зарылдыгы.
Бейтаптын абалы турукташкандан кийин дарылоо пландуу болуп эсептелет. Эгерде милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жок болсо, жарандар кызматтарды толук көлөмдө төлөшү керек же 8400 сомдон 14 310 сомго чейин максималдуу кошумча төлөм киргизет. Чет өлкөлүк жарандар дарылоону бекитилген тарифтер боюнча төлөшөт.

Ошондой эле фонд полис төлөнгөндөн кийин ал 5 календардык күндөн кийин гана күчүнө кирерин эскертти.

Камсыздандыруу статусун жарандар расмий сайттан, "Түндүк" тиркемеси аркылуу же 113 номуру боюнча күнү-түнү иштеген ишеним телефону аркылуу текшеришсе болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media