Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара Кытайда эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө.

30-апрелден тарта "Эркечтам - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми "Торугарт - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.
Аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2-майда саат 08:00дөн тарта кайра иштеп баштайт.
"Бедел - унаа жолу" өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин жабы болот. Иштөө тартиби 6-майда саат 08:00дөн тарта кайра калыбына келет.

Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Жөлөк пул алгандардын саны 152,9 миң адамга кыскарды

Жөлөк пул алгандардын саны 152,9 миң адамга кыскарды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде социалдык өнүгүүнүн учурдагы абалын талдоо жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөлөрүндөгү абалды талдоо мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү жана кечиктирилгис чараларды талап

Шопоковдогу заводдордун биринде жарылуу болдубу?

Шопоковдогу заводдордун биринде жарылуу болдубу?

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы металлургиялык ишканада болгон болушу мүмкүн делген жарылуу боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Металл иштетүүчү заводдогу индукциялык меш жарылганы тууралуу маалымат буга чейин социалдык тармактарда тараган. Бул билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынган. Текшерүүнүн маалыматына ылайык, 28-апрелде Шопоков мэриясына цехтердин биринде

“Чаткал Резорт”, “Чоктал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу болду

“Чаткал Резорт”, “Чоктал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу болду

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.  Маалыматка ылайык, отурумда алгач, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бардык мезгилдерге ылайыктуу заманбап тоо курортун түзүү үчүн “Чаткал Резорт” долбоорунун ишке ашырылышы каралды. Долбоорду ишке ашыруу жеке инвесторлорду жана адистештирилген өнүктүрүү

Сузактын Коммунизм-Жаңы-Дыйкан жолу жасалууда

Сузактын Коммунизм-Жаңы-Дыйкан жолу жасалууда

Сузак районундагы Коммунизм -Жаңы-Дыйкан унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун узундугу - 6 чакырым. Быйылкы жылы толук асфальт төшөө пландалган. Учурда жолдун негизин даярдоо, тегиздөө жана асфальт төшөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Эки тилкеде жер алдындагы суу түтүктөрү