Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү.

Жеңүүчүлөр:

• Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов

• 1-орун (170 миң сом) - Жамайка Дунканаева

• 2-орун (130 миң сом) - Болот Назаров

• 3-орун (100 миң сом) - Идрис Айтбаев

Мындан тышкары 8 акынга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды