Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды
5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук мамилени бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция, туризм, маданият жана билим берүү жаатында кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлор жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар белек алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдиришти.


