Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Бишкектин айрым көчөлөрү  жабылат

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылгандыгы тууралуу маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2026-жылга пландалган жол оңдоо иштерине даярдык көрүүнүн алкагында асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери каралган.

Буга байланыштуу 30-апрелден тарта Гоголь көчөсү А. Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөө жылуулук түйүнүн алмаштыруу боюнча пландуу жерди казуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет, бул иштер жаңы асфальт төшөө башталганга чейин аткарылат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер авариялык кырдаалдардын алдын алууга, керектөөчүлөрдү туруктуу жылуулук менен камсыз кылууга жана шаардык инженердик тармактардын коопсуз иштешин жогорулатууга багытталган.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырып алууну суранат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media